Ысык-Көлдө КМШ жана ШКУ өлкөлөрүнүн XXIV эл аралык спорт оюндарынын алкагында «Азия – кызматташтык жана тынчтыктын аймагы» урааны алдында Бишкек шаарынын эркектер арасында командасы кум үстүндөгү волейбол боюнча мелдеште 1-орунду ээледи.
35 жашка чейинки кыз-келиндер арасында Бишкек шаарынын курама командасы 2-орунду камсыз кылды.
Ал эми Бишкек шаарынын ОРАБӨСОМдүн тарбиялануучулары турнирде 3-орунга ээ болушту.
Мелдештерге Кытайдан, Россиядан жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келген 9 команда катышты.