Борбор калаада борбордук көчөлөрдө гана эмес, экинчи катардагы жолдордо да капиталдык оңдоо иштери активдүү уланууда.
«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы Козу Баглан көчөсүнүнүн эки бөлүгүндө: Айкөл көчөсүнөн Мидин көчөсүнө чейин жана Мидин көчөсүнөн ЧЧКга чейин капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүүдө.
Айкөл көчөсүнөн Мидин көчөсүнө чейинки тилкеде жолчулар асфальт төшөө иштерин баштады.
Мидин көчөсүнөн ЧЧКга чейинки тилкеде эски асфальтты фрезалоо жана ирригациялык системаны орнотуу иштери аяктады. Учурда коммуналдык тармактарды орнотуу иштери жүрүп жатат. Бул этап аяктагандан кийин ишкана мындан ары асфальт төшөө үчүн жолдун негизин даярдоого киришет.