«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы карталык оңдоо ыкмасын колдонуу менен жолдун бетиндеги деформацияларды жана тегиз эместиктерди жоюу боюнча активдүү иштерди улантууда.

Учурда И.Ахунбаев жана Муромская көчөлөрүнүн кесилишине асфальт төшөөгө чейинки даярдык иштери жүрүп жатат.

Ушундай эле иштер Сухэ-Батор көчөсү – 7-апрель көчөсү, А.Токомбаев көчөсү – Байтик Баатыр көчөсү менен кесилишкен жери, А.Масалиев көчөсү – Ч. Айтматов проспекти, Калинин көчөсү - Көлбаев көчөсү, У.Салиева көчөсү - Лермонтов көчөсүндө иштер аткарылды.

Белгилей кетсек, жолдо пайда болгон бардык деформацияланган жерлер жоюлат. Ишкана график тузуп, ага ылайык карталык ремонттоо иштери тынымсыз жүргүзүүдө.