2025-жылы сугат иштерин камсыз кылуу үчүн Лев Толстой жана Логвиненко көчөлөрүндө жаңы скважина ишке киргизилген.
Скважинанын тереңдиги 140 метр жана саатына 65 кубометрге чейин суу бере алат, бул ага чектеш аймактагы сугат иштерин эффективдүү жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.
Жаңы суу булагы 8 гектар жерди сугарып, жашыл аймактарды натыйжалуу сугарууга ыңгайлуу шарттарды түзүүдө.
Скважинанын ишке киргизилиши суу менен камсыздоодогу актуалдуу маселелерди чечет жана шаардын жашыл инфраструктуранын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. Бул кадам ишкананын экологиялык абалын жакшыртып шаарды көрктөндүрүү боюнча системалуу ишинин бир бөлүгү болуп саналат.
Быйылкы жылдын аягына чейин дагы эки скважинаны бургулоо пландаштырылып жатат, бул ирригациялык системасынын иштешин кыйла кеңейтет жана борбордун жашыл аймактарына кам көрүүнүн эффективдүүлүгүн жогорулатат.