2025-жылдын 10-сентябры саат 18:00дөн баштап Курманжан Датка көчөсү Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки алты тилкелүү бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды. Иш графиктен 50 кун мурда аяктады.
Ошентип, Курманжан Датка көчөсү менен Чүй проспектисинен Жибек Жолу проспектисине чейин кыймыл толугу менен жанданды.
Реконструкцияланган тилке менен шаар мэри Айбек Джунушалиев өзү таанышып, тургундар менен баарлашты. Шаардыктар ыңгайлуу шарттарды түзүп бергени үчүн ыраазычылыктарын билдиришти. Өз кезегинде мэр тоскоол болгон объектилерди демонтаждоодо муниципалитет берилген бардык милдеттерди аткарарын белгиледи.
Реконструкциялоонун жүрүшүндө төмөнкү иштер аткарылды:
* Фрунзе көчөсүнөн Салиева көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү жылуулук түтүктөрү толугу менен жаңыртылды;
* жолдун туурасы 12-16 метрден 21 метрге чейин кеңейтилди;
* жалпы калыңдыгы 11 см болгон эки катмар асфальт төшөлдү;
* жаңы бордюрлар жана жол белгилери орнотулду.
Мындан тышкары:
* туурасы 3 метр тротуарларды куруу;
* туурасы 2 метр болгон велосипед жолун уюштуруу;
* көчөнүн эки тарабына сугат арыктарын орнотуу;
* жашыл зонаны түзүү пландаштырылууда.
Ошондой эле мэр тротуарларды, веложолдорду, аялдамаларды курууну тездетип, көчөлөргө жарыктандырууну орнотууну тапшырды.
Эскерте кетсек, келишимге ылайык, реконструкциялоону аяктоо 2025-жылдын 30-октябрына белгиленген. Бирок шаар тургундарынын ыңгайлуулугу үчүн иш мөөнөтүнөн мурда бүткөрүлгөн.