Борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев М.К.Ататүрк атындагы сейил багына барып, аны жаңылоо боюнча жүрүп жаткан масштабдуу иштерди текшерди. Учурда сейил бакта жөө жүргүнчүлөр үчүн жаңы жол салынууда- бул жол долбоордун алкагында пландаштырылган.
Шаар башчысы жетекчилерге ишти күн сайын көзөмөлдөөнү тапшырды. Негизги милдеттер - мүмкүн болушунча көп жашыл мейкиндиктерди сактап калуу, ошондой эле жарыктандырууга, ирригациялык системага жана жашылдандыруунун башка элементтерине көңүл буруу.
Реконструкциялоо долбоору жөн гана оңдоолорду эмес, сейил багына жаңы кире бериштер, Афганистандагы согуш ардагерлерине арналган эстеликти жаңылоо, заманбап балдар жана спорт аянтчалары, иппотерапия зонасы, байкоочу көлмө жана пикник аянтчалары уюштурулат.
Активдүү эс алууну сүйүүчүлөр үчүн 3 км чуркоо жолу жана 3,6 км велосипед жолу каралган. Тротуарлардын жалпы аянты 77 миң чарчы метрди түзөт.
Жашылдандырууга өзгөчө көңүл бурулууда. Быйыл күзүндө паркка 500дөн ашык бак-дарактарды отургузуу пландалууда.
Мындан тышкары, мэр Ала-Арча дарыясынын жээгин бекемдөө иштеринин жүрүшү менен таанышты. Жакынкы аралыкта жээкти жашылдандыруу маселеси каралат.