Борбор калаанын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Капиталдык курулуш башкармалыгынын жаңы начальниги болуп Арымбаев Эрмек Мукалыкович дайындалды.

Буга чейин ал ушул эле башкармалыктын жетекчисинин орун басары кызматын аркалап келген.

Тиешелүү буйрукка мэр Айбек Джунушалиев кол койду.