Шаардык чөйрөнү жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча пландуу иш-чаралардын алкагында «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасы төмөнкү тилкелерде газон себүүгө жер даярдоо иштерин жүргүзүүдө:
•Горький көчөсү — Панфилов көчөсүнөн Манас көчөсүнө чейинки аралыкта,
•Панфилов көчөсү — Горький көчөсүнөн Медеров көчөсүнө чейинки аралыкта.
Көрсөтүлгөн тилкелерде жердин деңгээлин түшүрүү, бак-дарактардын санитардык бутоосу, дүмүрлөрдү тамырынан жулуп алуу, ошондой эле газон себүүгө топуракты даярдоо иштери аткарылууда.
Бул чаралар көчөлөрдүн көрктүү көрүнүшүн жакшыртууга, жашылдандыруу деңгээлин жогорулатууга жана борбор калаанын тургундары менен коноктору үчүн ыңгайлуу шаардык чөйрөнү түзүүгө багытталган.