Бүгүн, 5-сентябрь, 2025-жыл, №95 мектептин базасында мэриянын Билим берүү департаменти борбордогу жеке бала бакчалардын жетекчилери үчүн жумушчу жыйын өткөрдү.
Бул иш-чаранын максаты мамлекеттик программаны ишке ашыруу шарттарында мектепке чейинки билим берүүнү трансформациялоонун артыкчылыктарын жана натыйжалуу механизмдерин талкуулоо болду.
Чогулуштун жүрүшүндө мектепке чейинки билим берүүнүн мазмунун жаңыртуунун белгиленген стратегиялык багыттары; педагогдордун кесиптик потенциалын өнүктүрүүнүн жолдору, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү, 12 жылдык билим берүүгө өтүү шарттарында билим берүү жана өнүктүрүү ишмердүүлүгүнүн уланмалуулугун камсыздоо талкууланды.
Кеңешмеге Акматова Гульмира Каленовна - Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин контролдоо, билим берүүнүн сапаты жана методикалык коштоо бөлүмүнүн башчысы, Касымова Нурзида Абабакировна - Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы, Дүйшеналиев Жумабек Сапаралиевич - КР Билим берүү министрлигинин алдындагы РКДИ жана РКД кафедрасынын башчысы, маалымат жана АРТ – технология кафедрасынын башчысы, Камалова Айгуль Эсенбаевна – Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин алдындагы РКДИ жана РКД улук окутуучусу, ошондой эле борбордогу 118 жеке менчик бала бакчалардын жетекчилери катышышты.