2025-жылдын 6-сентябрынан тартып Дэн Сяопин проспектисинин Фучик көчөсүнөн Кустанай көчөсүнө чейинки түндүк тарабы капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу жабылат.

Аталган тилкенин түштүк тарабы унаалар үчүн эки тараптуу уюштурулат.

Урматтуу шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору! Бишкек шаарынын мэриясы жаралган абалга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат жана жол тыгындарын болтурбоо үчүн коомдук транспортту пайдаланууну сунуштайт.