2025-жылдын 6-сентябрынан тарта Фучик көчөсүнүн батыш тарабы — Чүй проспектисинен Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу жабылат.
Аталган тилкенин чыгыш тарабында эки багытта кыймыл уюштурулат.
Урматтуу шаар тургундары жана калаанын коноктору!
Бишкек шаарынын мэриясы жаралган кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат жана жол тыгындарын алдын алуу максатында коомдук транспортту пайдаланууну сунуштайт.