Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата «Газпром – балдарга» дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинде 2015–2016-жылкы туулган балдар арасында футзал боюнча турнир өттү. Мелдешке 6 команда катышып, жалпысынан 120га жакын жаш спортчу болду.

Турнирдин максаты — балдарды активдүү жашоого тартуу, майрамдык маанай түзүү жана командалар ортосунда достукту бекемдөө.

Мелдештин жыйынтыктары:
1-орун — ОРАБӨСОМ «Газпром-2015»;
2-орун — ФК «16»;
3-орун — ФК «Асман».

Футзал мелдешин уюштуруучусу — Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорттук оюндар мектеби (ОРАБӨСОМ)  болду.