Эгемендүүлүк күнүнө карата ОРАБӨСОМ 2009–2010-жылы туулган өспүрүмдөр арасында волейбол боюнча мелдештерди уюштурду. Турнирге 120 бала жана 150 кыз катышты.
Мелдештин максаты — өспүрүмдөр арасында волейболду жайылтуу, дени сак жашоо образын пропагандалоо жана командалар ортосундагы достукту бекемдөө.
Балдар арасында (2009–2010-ж.т.) мелдештин жыйынтыктары:
1-орун — ОРАБӨМ №1;
2-орун — «Манас» (Кара-Балта шаары);
3-орун — ОРАБӨМ №70;
Кыздар арасында мелдештин жыйынтыктары:
1-орун — №62 мектеп;
2-орун — «Зенит»;
3-орун — №1 мектеп.