2025-жылдын 30–31-августунда Япониянын Токио шаарында шотокан каратэ-до боюнча 45-улуттук чемпионат өттү.

Турнирге Япониянын шотокан каратэ-до федерациясынын 133 регионалдык бөлүмүнөн келген спортчулар катышып, катышуучулардын жалпы саны 1000ден ашты.

Кыргызстандан бул чоң мелдешке Сетокан каратэ-до улуттук федерациясынын 23 спортчусу катышты.

Эки күндүк чемпионаттын жыйынтыгы боюнча:
•Кумитэ (салттуу мелдеш) багытында 10–11 жаштагы балдар арасында абсолюттук салмак категориясында «Жеңиш» ОРАБӨМдүн тарбиялануучусу Атабек Эсеналиев үчүнчү орунду ээлеп, коло медаль тагынды.
•Ката багытында 45–49 жаштагы эркектер арасында каратэ боюнча машыктыруучу Мирлан Утуров экинчи орунду камсыздап, күмүш медалдын ээси болду.