Т. Айтматов көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде жайгашкан 11 тез тамактануу жайы жеке менчик жер тилкесинде орнотулгандыгы Мамлекеттик акт менен тастыкталган.
Бирок, Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзам бузуу аныкталды: айрым күркөлөр мыйзамсыз түрдө муниципалдык аймакка, тактап айтканда Аламүдүн дарыясынын жээгине чейин кеңейтилип салынган. Өз алдынча жүргүзүлгөн бул кеңейтүү 368 чарчы метрди ээлеген. Мындан тышкары, курулуштар дарыяга урап түшүү коркунучун жаратууда.
Мыйзам бузуу фактысы боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 149-беренесине ылайык протокол түзүлүп, ээсине 30 миң сом айып салынды.
Бузууну жоюп, мүмкүн болгон кооптуулуктун алдын алуу максатында Башкармалык мыйзамсыз курулуштарды бузуу иштерин баштады.