Бишкек шаарынын мэриясы 2050-жылга чейинки Башкы планды иштеп чыгуу алкагында шаардын транспорттук камсыздоосун жакшыртуу максатында, натыйжалуу транспорттук чечимдерди издөө боюнча сурамжылоону өткөрүүдө.

Сиздерди 5 мүнөт убактыңызды бөлүп, сурамжылоого катышууга чакырабыз. Сиздердин жоопторуңуз шаар тургундарынын жөө, коомдук жана жеке транспортто ыкчам жана ыңгайлуу жүрүүсүн камсыз кылган чараларды иштеп чыгууга жардам берет.

Сурамжылоого катышуу үчүн төмөнкү шилтемени басыңыз:

https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSeW3AcjNzEzNhsJeMyk-GnkYqddRM87hMh-eWlOtjFEKwrtew/viewform