2025-жылдын 2-сентябрында Л.Толстой көчөсүнүн Асаналиев көчөсүнөн Садырбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды.
Бул бөлүмдө төмөнкү иштер аткарылды:
- бордюрлар орнотулду;
- жол белгилери түшүрүлдү жана орнотулду;
- эки катмар асфальт төшөлдү.
Ошондой эле, оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Л.Толстой көчөсүнүн төмөнкү тилкелери убактылуу жабылгандыгын маалымдайбыз:
- Асаналиев көчөсүнөн Бакаева көчөсүнө чейин;
- Садырбаев көчөсүнөн Термечиков көчөсүнө чейин.
Айдоочуларды жана шаар тургундарын убактылуу ыңгайсыздыктарды эске алып, каттамдарын алдын ала пландап алууну суранабыз.