Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата борбор калаанын төрт районунда спорттук оюндар өткөрүлдү. Бул иш-чараларга жүздөгөн балдар жана чоңдор катышып, ден соолукка пайдалуу жана майрамдык маанайда активдүү убакыт өткөрүштү.
Ар бир райондун спорттук аянтчаларында уюштурулду:
•Свердлов району: Каражыгач токою - болжол менен 110 катышуучу, футбол, аркан тартыш жана кыймылдуу оюндар өттү.
•Октябрь району: Көк-Жар МАБ - 100 катышуучу, Тунгуч - 70 катышуучу, Асанбай кичи району (№71 орто мектеби) - 40 катышуучу аркан тартыш, ордо, кичи футбол жана кыймылдуу оюндары боюнча мелдешишти.
•Биринчи май району: конуштар боюнча — 121 катышуучу аркан тартуу, кыймылдуу оюндар жана футбол мелдешишти.
•Ленин району болжол менен 300 тургун футбол, эстафета жана улуттук оюндар боюнча катышышты.
Спорттук аянтчаларда майрамдык маанайда оюндарга бардык курактагы балдар катышып, алар менен чогу ата-энелери балдарын колдоого келишти. Ар бир бала активдүү катышып, эстеликке белектер жана сыйлыктарды алды.
Спорттук иш-чараны уюштуруучусу - Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти болду. Иш-чаранын максаты - шаар тургундарын бириктирүү, майрамдык маанай жаратуу, балдарды жана жаштарды спортко тартуу жана саламаттыгын чыңдоо болду.