Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамдык программа Ала-Тоо аянтында башталды

Бүгүн, 2025-жылдын 31-августунда, өлкөбүздүн Ала-Тоо башкы  аянтында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамдык концерттик программа салтанаттуу түрдө башталды.

Ким келе элек болсо, келип  кошулуңуздар!  Эгемендүүлүк күнүн бирге майрамдайлы! Шаардын тургундары менен конокторун улуттук бийлер, чыгармачыл жамааттардын жана эстрада ырчыларынын жандуу чыгармалары күтүп турат.Концерттик программада: Съездбек Искеналиев, Гүлнур Сатылганова, Бек Исравилов, Иса Өмүркулов, Азат Раимбердиев, Jax, Фриман, Бегиш жана башка таланттуу аткаруучулар чыгышат.

Келиңиздер, майрамды бирге өткөрөлү!