Чоң Чүй каналынын чыгыш жана түштүк жээктериндеги суу коргоо зоналарын тазалоо иштери уланууда.

Иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-февралындагы №79 токтомунун негизинде жүзөгө ашырылат.

Октябрь райондук администрациясынын демилгеси менен "Алтын-Ордо"конушунун түштүк-чыгыш бөлүгүндөгү Чоң Чүй каналынын жээгинде жайгашкан мыйзамсыз чарба субъектилери демонтаждалууда.

Чарбалык субъектилердин ээлерине алдын ала түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Бул аймакта жалпысынан 21 чарба субъект жайгашкан.

Октябрь райондук администрациясы 2 чарба субъекти алды, калган 19 чарба субъект ээлери тарабынан алынды  жана тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Учурда жээкти тазалоо жана бошотуу иштери уланууда.