Бүгүн, 2025-жылдын 27-августунда, «Ашар» гүл багына Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жана Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ким Кван Джэ мырза 45 түп декоративдүү алма жана четин дарактарынын көчөттөрүн отургузушту.
Иш-чара "Кёнгидо провинциясын өнүктүрүү боюнча эл аралык кызматташтык долбоору. Кёнгидо провинциясынын климаттык маселелер боюнча ыктыярдуу жаштары" долбоорун ишке ашыруунун алкагында Корея Республикасынын Кёнгидо провинциясынын жана "Кая КДЖИ" коомдук кайрымдуулук фондунун (PCF) колдоосу менен өткөрүлдү.
Мэр Айбек Джунушалиев Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ким Кван Дже мырзага борборубуздун жашыл шаар статусун камсыз кылган программаларды түзүүгө жана ишке ашырууга өзгөчө көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
«Дарак отургузуу — бул биздин бүгүнкү күнгө болгон мамилебиздин жана өлкөбүздүн келечегине кам көрүүбүздүн символу. Табиятты сактоого жана шаар чөйрөсүн жакшыртууга кошкон баалуу салымыңыздар үчүн иш-чаранын бардык катышуучуларына ыраазычылык билдирем. Баарыңыздарга ден соолук, ийгилик жана жемиштүү кызматташтык каалайм», – деди мэр.
Маалымат үчүн: 2024-жылдын август айынан тартып Бишкек шаарынын мэриясы менен «Кая КДЖИ» коомдук кайрымдуулук фонду ортосунда кол коюлган достукту өнүктүрүү, кызматташтыкты бекемдөө жана биргелешкен долбоорлорду колдоо боюнча Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында экологиялык долбоор ишке ашырылууда.
Эки тараптуу кызматташуунун алкагында, 2024-жылдан тарта Кёнгидо провинциясынын өкмөтүнүн колдоосу менен жыл сайын 40 кореялык студент волонтерлор маданий алмашууга, ошондой эле Бишкек шаарынын парк аймактарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча иш-чараларга катышууда.