Бүгүн, 2025-жылдын 27-августунда "Маариф билим берүү комплекси" мекемесинин базасында мэриянын Билим берүү департаменти жеке билим берүү уюмдары үчүн "Алтын казына" темасында педагогикалык форум өткөрдү.

Иш-чарага Билим берүү департаментинин директору Р.И. Мусаева, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы О.Б. Ашанбаева, Кыргыз билим берүү академиясынын президенти, педагогика илимдеринин доктору, профессор Н. К. Дюшеева, Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти, педагогика илимдеринин кандидаты М. У. Музулманов, ошондой эле 2025-2026-окуу жылына карата Базистик окуу планынын бардык предметтик багыттары боюнча КАОнун 20 кызматкери, 115тен ашык жеке менчик мектептердин жетекчилери жана мугалимдери катышышты.

Белгилей кетсек, форумдун жүрүшүндө КАОнун президенти, кызматкерлери жана окуу китептеринин авторлору жалпы билим берүү боюнча мамлекеттик билим берүү стандарты жөнүндө кеңири маалымат беришти. Ал мамлекеттик саясатка жана дүйнөлүк билим берүү мейкиндигиндеги өзгөрүүлөргө негизделген. Ошондой эле, предметтик стандарттар, 1-класстын окуу мазмунунун өзгөчөлүктөрү, эки түрдүү 2-класстын айырмачылыктары, 12 жылдык билим берүү системасындагы 2-класстагы адаптациялык чейрек, 5-класстагы (5+6), 7-класстардагы интеграцияланган окуу программалары жана башталгыч класстардын мугалимдерин жана жогорку класстардын окутуучуларын күтүп турган өзгөрүүлөр тууралуу түшүндүрмө берилди.

"Ачык микрофон" жыйынтыктоочу сессиясында катышуучулар КАОНУН методикалык колдоо насаатчыларынан кызыктырган суроолоруна жооп алышты.