"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы Бишкек шаарынын аймагындагы жолдорду жана тротуарларды капиталдык оңдоо боюнча пландык иштерди аткарууну улантууда.
Ак-Марал көчөсү Чортеков көчөсүнөн Шералиев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө 2025-жылдын титулдук тизмесине ылайык, капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Долбоордун алкагында өсүмдүк катмарын алып салуу, негизин пландаштыруу жана топуракты ныктоо иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле, тирөөчтөрдү жылдыруу иштери жүргүзүлүп, тротуар курууга арналган аймак мыйзамсыз курулуштардан бошотулду. Көчөнү бойлото ирригациялык система орнотулуп, шаардыктарга ыңгайлуу болушу үчүн эки тараптан тең тротуарлар уюштурулган.
Буга чейин асфальттын биринчи катмары жолдорго да, тротуарларга да салынган. Учурда ишкананын бригадасы асфальттын экинчи катмарын төшөп жатат. Асфальт төшөө иштери аяктагандан кийин жол чийиндерин түшүрүү жана жол белгилерин орнотуу иштери башталат.
Ак-Марал көчөсүн капиталдык оңдоо шаардык инфраструктуранын сапатын жогорулатууга, жол коопсуздугун жана борбор калаанын жашоочуларына ыңгайлуулукту камсыз кылууга багытталган.