Бүгүн, 2025-жылдын 26-августунда «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасынын питомнигинде экологиялык кеңештин жаңыланган форматтагы жыйыны өтүүдө.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Жунушалиев, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Райымкулова, Жогорку Кеңештин жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, экологиялык кеңештин мүчөлөрү, жаратылышты коргоочу активисттер, экологиялык волонтерлор, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, блогерлер жана башкалар катышууда.

Экологиялык кеңештин жыйыны ачык талкуу форматында өтүүдө. Катышуучуларга борбор калааны жашылдандыруу багытында мэриянын жүргүзүп жаткан иштери тууралуу видеоролик көрсөтүлдү.

Бишкекте жыл сайын 15 миңге жакын бак-дарак отургузулат, бул жашыл аймактарды түзүп, экологияны жакшыртат. Шаардык питомниктерде 45 миңден ашык көчөт өстүрүлүүдө. Ишкананын балансында 248 миңге жакын бак бар. 2025-жылдын 7 айында 7 миңден ашык бак-дарак, ал эми гүлзарларга жыл сайын 1,5 миллиондон ашык бир жылдык гүл отургузулат.