Борбор калаа мэриясынын жыйындар залында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев теннис, паралимпиадалык жана күч түрлөрү боюнча Олимпиадалык резервдеги  адистештирилген балдар-өспүрүмдөр  спорттук мектебинин (ОРАБӨМ) машыктыруучулары жана тарбиялануучулары менен жолукту.

Шаар башчысы спортчуларга көрсөткөн эрки, эмгеги жана эл аралык аренадагы жогорку жетишкендиктери үчүн ыраазычылык билдирип, өз шакирттеринин ийгилигинин артында турган машыктыруучулардын маанилүү ролун өзгөчө белгиледи.

«Сиздердин талыкпаган эмгегиңиздер жана спортко болгон берилгендигиңиздер жаш муундарга чыныгы үлгү десем болот. Тынымсыз аракеттериңиздер менен эл аралык аренада Кыргызстандын желегин желбиретип, мекенибиздин атын дүйнөгө таанытканыңыздар – бул ар бирибиз үчүн чоң сыймык!», — деп баса белгиледи мэр.

Жолугушууда Индиянын Дели шаарында өткөн армрестлинг жана параармрестлинг боюнча Азия чемпионатынын байге ээлерине, ошондой эле Казакстандын Астана шаарында өткөн парадзюдо боюнча дүйнө чемпионатынын медаль ээлерине акчалай сертификаттар тапшырылды. Сыйлыктарды спортчулар гана эмес, алардын машыктыруучулары да алышты.

Бишкек шаарынын мэриясы ар дайым ушундай демилгелерди колдоого жана спортчуларыбыздын эл аралык мелдештерге катышуусуна көмөктөшүүгө даяр.