Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев белгилүү кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов жана анын машыктыруучусу Евгений Петрашов менен жолукту.

Шаар башчысы спортчуну эл аралык аренадагы жетишкендиктери менен куттуктап, спорттук карьерасында жаңы ийгиликтерди каалап, машыктыруучусуна чемпионду жогорку деңгээлде даярдаганы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Шаарыбызда сиздер сыяктуу спортчулардын болушу абдан маанилүү. Бүгүнкү күндө биз спорттук инфраструктураны өнүктүрүү боюнча чоң аракеттерди көрүп жатабыз. Мэриянын негизги багыты – жаш таланттарды колдоо жана өнүктүрүү үчүн бардык шарттарды жана заманбап базаны түзүү», — деп белгиледи мэр.

Мэриянын Ардак грамотасы машыктыруучу Евгений Петрашовго тапшырылды. Денис Петрашовго болсо мэриянын баалуу кол сааты тартууланды.

Денис Петрашовдун акыркы жетишкендиктери:
•2025-жылдагы дүйнө чемпионатында (Сингапур) коло медаль;
•TYR Pro Swim Series (АКШ, Флорида) мелдешинде үч алтын медаль;
•АКШдагы (Сакраменто) экинчи наамы жана алтын медаль;
•2025-жылдагы Универсиадада (Германия) алтын медаль.