Бүгүн, 2025-жылдын 25-августунда Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти №69 мектебинин базасында "Алтын казына": билим берүүнү масштабдуу трансформациялоо темасында август конференциясын өткөрдү.

Иш-чарага БШКнын депутаты, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы О.Б. Ашанбаева, Кыргыз Республикасынын Агартуу министринин орун басары Л.А. Самыкбаева, Кыргыз Республикасынын Билим берүү академиясынын президенти, педагогика илимдеринин доктору, профессор Н. К. Дюшеева, Кыргыз Республикасынын Кадрларды кайра квалификациялоо жана даярдоо институтунун директору А. Д. Токтомамбетов, Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин директору Б. С. Шамшидинова, мектептердин  директорлору катышты.

Билим берүүнү трансформациялоонун актуалдуу маселелерин кароону камтыган негизги баяндаманы билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева сунуштады.

Мындан тышкары, конференцияда мектептик билим берүүнүн трансформациялык системасы, педагогикалык чеберчиликти жогорулатуу, баалоо методдору жана анын милдеттери жөнүндө бир катар баяндамалар сунушталды.

Конференциянын жүрүшүндө "ачык микрофон" бөлүмүндө бир катар маанилүү маселелер талкууланды. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча катышуучулар конференциянын резолюциясын кабыл алышты.