2025-жылдын 16–23-сентябрында Бишкек шаардык А. Умуралиев атындагы драма театрында «IMPULSE» кичи формалар боюнча X (юбилейлик) Эл аралык театр фестивалы өткөрүлөт.

Фестиваль Кыргызстанда дүйнөнүн жети өлкөсүнөн – Грузия, Израиль, Косово, Россия, Казакстан, Чехия жана Кыргызстандан келген драма искусствосунун жогорку кесипкөйлөрүн жана таланттуу инсандарын чогултат.

Иш-чаранын башкы максаты – кыргыз театр өнөрүн дүйнөлүк маданий мейкиндикке интеграциялоо, сахна чеберлеринин ортосунда чыгармачылык диалогду өнүктүрүү, маданияттар аралык долбоорлорду демилгелөө жана көрөрмандарды театр искусствосунун жаңы багыттары жана тенденциялары менен тааныштыруу.

Фестивалдын өзгөчөлүгү – «Фестиваль-лаборатория» форматы. Бул түз чыгармачылык өз ара аракеттенүүнү, тажрыйба алмашууну жана көркөм ойду жаңыча чагылдыруу жолдорун издөөнү шарттайт. Иштин жыйынтыгында тегерек стол өтүп, анда катышуучулар театр кыймылынын өнүгүүсү жана кызматташтыктын келечектери боюнча ой бөлүшүшөт.

Фестивалдын уюштуруучусу – Бишкек шаардык А. Умуралиев атындагы драма театры.

Фестивалдын эксперттик тобу:
Сухроб Мирзоев — вице-президент, КМШ жана Грузия өлкөлөрүнүн театр союздарынын Эл аралык конфедерациясынын Башкы катчысы (Россия);
Бейбут Бахтыгереев — Акмола облусунун орус драма театрынын директору (Казакстан);
Айгүль Умуралиева — театр сынчысы, Бишкек шаардык драма театрынын көркөм жетекчиси, Кыргызстандын маданияттын эмгек сиңирген ишмери.

Фестивалдын программалык директору — Нина Мазур (Германия, Ганновер шаары) — эл аралык эксперт, театр таануучу, театр сынчысы, драматург, Германиянын Эл аралык Театр Институтунун жана Театр сынчыларынын Эл аралык ассоциациясынын (ЮНЕСКО) мүчөсү, «MOST» (Германия) жана «Вiдлуння» (Украина) эл аралык театр фестивалдарынын көркөм жетекчиси, бир катар эл аралык театр форумдарынын негиздөөчүсү жана программалык директору.

Юбилейлик «IMPULSE» фестивалы Кыргызстан маданий турмушундагы жаркын окуя болуп, көрөрмандарды заманбап дүйнөлүк театр менен тааныштырып, жаңы чыгармачылык ачылыштарды тартуулайт.