Лев Толстой көчөсү, 1а дарегинде жаңы тротуар куруу жана көрктөндүрүү иштеринин алкагында курулуш иштерине тоскоол болгон объектилерди демонтаждоо иштери жүрүп жатат. Бул жерде гараж кооперативи жайгашкан.

Бишкек шаарынын мэриясынын Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгы гараж ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Жалпысынан 210 эскертме кагаз берилип, бүгүнкү күндө 28 гараж демонтаждалган.

Кошумчалай кетсек, Лев Толстой көчөсү, 2/1 дарегинде түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин үй ээлери өз ыктыяры менен турак эмес имаратты жана унаа жуучу жайды алуу иштерин башташты.