Административдик-аймактык реформанын алкагында шаардын аймагынын кеңейишине жана калктын санынын өсүшүнө байланыштуу 2025-жылдын 6-августунда Бишкек шаарында Биринчи Май жана Ленин райондорунда эки жаңы муниципалдык аймактык башкармалык (МАБ) түзүлдү. МАБдардын жалпы саны учурда 32 түзөт.
Бардык МАБдар алардын идентификациясын жөнөкөйлөштүрүүчү жаңы санариптик аталыштарды алышты.
Мурда МАБдардын аталыштары ар кандай принциптерге ылайык түзүлгөн:
* 21 МАБ 1ден 21ге чейинки иреттик сандар менен белгиленген;
* бир МАБ "Чоң-Арык" аталышы болгон;
* Административдик-аймактык реформанын алкагында Бишкек шаарына Чүй облусунан 8 МАБ кошулган. Булар: «Орок», «Новопавловка», «Пригородное», «Маевка», «Лебединовка», «Аламүдүн», «Төмөнку Ала-Арча» жана «Көк-Жар».
Административдик башкарууну системалаштыруу жана жөнөкөйлөштүрүү максатында бардык 32 МАБдын аталышы өзгөртүлүп, административдик округду жана бөлүмдүн иреттик номерин чагылдырган санариптик белгилерди алышты.
Жаңы МАБдардын аталышы төмөнкүдөй:
* Ленин району — № 101, 102, 103, 104, 105, 106, 107, 108,109 МАБ;
* Биринчи Май району — № 201, 202, 203, 204, 205, 206, 207, 208 МАБ;
* Свердлов району — № 301, 302, 303, 304, 305, 306, 307 308 МАБ;
* Октябрь району — № 401, 402, 403, 404, 405, 406,407 МАБ.
Тейлөөнүн сапатын жогорулатуу жана жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп берүү үчүн ар бир МАБга 2 штаттык бирдик кошулду. Бул көрктөндүрүү, санитардык абал, жашылдандыруу жана турак-жай-коммуналдык чарба маселелерине кыйла натыйжалуу контролдук кылууга мүмкүндүк берет.
Бишкек шаарынын мэриясы тургундардын муктаждыктарына багытталган ыңгайлуу жана заманбап жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын түзүү боюнча иштерди улантууда.