2025-жылдын августунан тарта борбордогу спорт мектептеринин оңдоо иштеринин жүрүшүнө жана жаңы 2025-2026-окуу жылына даярдыгына мониторинг жүргүзүлүүдө.
Текшерүү Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинин директорунун жетекчилиги астында уюштуруу бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлүүдө.
Текшерүүнүн жүрүшүндө балансында 42 окуу-машыгуу спорт базасы бар 12 адистештирилген олимпиадалык резервдеги балдар жана өспүрүмдөр спорт мектептери (СДЮСШОР) текшерилди.
Текшерүүнүн жыйынтыгында спорт мектептеринин директорлоруна оңдоо иштерин бүтүрүү, өрт коопсуздугунун талаптарын сактоо, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген спортчуларды даярдоого шарт түзүү, аймакты көрктөндүрүү, имараттарды актоо жана сырдоо боюнча протоколдук тапшырмалар берилди.
Бардык керектүү иштер 31-августка чейин бүткөрүлүшү керек.Текшерүү иштери улантылат.
Эске салсак, Бишкек шаарынын 12 спорт мектебинде балдар жана өспүрүмдөр үчүн машыгуулар бекер өткөрүлүп келет.