Бишкек шаарынын мэринин таңкы кыдыруусунда Тоголок Молдо көчөсүндө, Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун жанында башаламан токтотулган унаалар аныкталды.
Ондогон унаалар уруксат берилбеген жерге токтотулган. Жеринде шаар башчысы айдоочулар менен түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Ошондой эле Бишкек шаары боюнча ЖККБнын кызматкерлери чакыртылып, протокол түзүлүп, андан аркы чаралар көрүлөт.