2025-жылдын 26-августунда саат 10:00дөн 24:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге таза суу берүү токтотулат.

Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелет: Чүй пр. - Гоголь көч. - Огонбаев көч. - Осмонкул көч.

Суу берүү насостук станцияны реконструкциялоого байланыштуу өчүрүлөт.

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы  келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.