Бишкек ЖЭБи штаттык режимде иштеп жатат, оңдоо иштери белгиленген график боюнча жүргүзүлүүдө.
Үстүбүздөгү жылдын 21-августуна карата орточо электр кубаттуулугу -56 МВт; отундун суткалык керектөөсү: көмүр – 1,025 миң т, газ – 135 миң м3;
Бардыгы болуп ЖЭБде 15 отказан, кайчылаш байланышуу менен 7 турбиналык агрегат жана № 3,4 2 энергоблок бар.
2025-жылдын 21-августуна карата:
Иштеп жатат: 3 отказан агрегаты, кайчылаш байланышуу менен 2 турбиналык агрегат.
Оңдоодо турат: 8 отказан агрегаты, 4 турбиналык агрегат, №3,4 блоктор.
Резервде: 4 отказан агрегаты, 1 турбиналык агрегат.
2025/2026-жылдардын күз-кыш мезгилине электр жана жылуулук энергиясы менен камсыздоого даярдык көрүү максатында ЖЭБге төмөнкү өлчөмдөгү отун жеткирүү пландаштырылууда:
- 1 400 000 тонна көмүр;
- 89 395 млн м³ газ;
- 4 000 тонна мазут.
2025-жылдын 21-августуна карата ЖЭБдин кампасында калган көмүрдүн көлөмү 239 050 миң тоннаны түзөт.