Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан Чыгыш-5 кичирайонунда 360 орундуу бала бакчанын капиталдык оңдоо иштерин улантууда.

Бала бакча эки кабаттуу, имаратынын жалпы аянты 2 794,6 чарчы метрди түзүп, ал балдардын коопсуздугу жана ыңгайлуулугун эске алуу менен толугу менен реконструкцияланууда. Жер тилкесинде 14 оюн аянтчаларын орнотуу пландалган, ал балдар үчүн активдүү жана коопсуз эс алуу шарттарын камсыз кылат.

Бала бакчанын имараты муниципалитетке Бишкек шаары боюнча УКМКнын Башкы башкармалыгы менен биргеликте жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында кайтарылган.

Бүгүнкү күндө тышкы жана ички инженердик тармактардын орнотуу иштери аяктаган, терезе блоктору орнотулду жана чатыр жасалды. Азыркы учурда айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү, ички жасалгалоо жана фасадды орнотуу иштери жүрүп жатат.

Подрядчы уюм — «Лидер Хаус» ЖЧКсы.