Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы муниципалдык жерлерди мыйзамсыз курулуштардан жана ар кандай тоскоолдуктардан бошотуу иштерин улантууда.
2025-жылдын 20-августунда борбордун аймактарында бир катар иш-чаралар аткарылды:
Биринчи май району
- Сельповская көчөсүндө жолду реконструкциялоо иштерине байланыштуу капиталдык курулуш (тосмо) алынды. Бул жерде 27 турак үйдүн тосмолору жолго тоскоолдук жараткан. Бүгүнкү күнгө карата алардын 18и ыктыярдуу түрдө алынып, калган 9 тосмо боюнча иштер уланууда. Үй ээлерине мурда расмий эскертүүлөр берилген;
- Чымкент көчөсү, 1 дарегинде капиталдык жана кошумча курулуштар алынды, алар: дүкөн, акча алмаштыруучу пункт, ашкана, 3 бастырма (ЖТО), сырткы ажаткана, диспетчердик пункт (ЖТО), ошондой эле 2 даана темир контейнер (40 т).
Свердлов району
- Чүй проспектиси, 123 дарегинде тротуарды алмаштыруу иштеринин алкагында имараттын кире бериш бөлүгү ээси тарабынан ыктыярдуу түрдө алынды;
- Рухий-Мурас конушунда Анкара – Манжыл-Ата көчөлөрүнүн кесилишинде аянты 30 чарчы метр болгон жеңил типтеги объект алынды, 4 контейнер чыгарылды (анын ичинен 3 – 40 т, 1 – 20 т).
Октябрь району
- Ауэзов жана Л. Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде бетон блоктор алынды;
- Тунгуч кичирайонундагы 36/1б үйдүн жанында жайгашкан “водомат” ээси тарабынан ыктыярдуу түрдө алынды.
Ленин району
- Л. Толстой көчөсү, 17 дарегинде металл мамылар жана шлагбаум алынды;
- Ч. Айтматов проспектисинде мыйзамсыз соода түйүндөрү жана конструкциялар алынды: 4 “күч өлчөгүч”, 4 балмуздак сатуучу жай жана 18 даана темир тосмо.
Муниципалдык жерлерде мыйзамдуулукту жана тартипти орнотуу иштери системалуу түрдө улантылууда. Эгерде берилген эскертүүлөр ыктыярдуу түрдө аткарылбаса, тиешелүү чаралар колдонуудагы мыйзамдардын алкагында көрүлөт.