"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы Бишкек – "Манас" аэропорту трассасындагы жолдун катышуучуларынын коопсуздугуна кам көрүүнү улантууда.

Жолчулар тарабынан Васильевский тракты боюнча темир тосмолорду калыбына келтирүү жана оңдоо иштери жүргүзүлдү. Бардык темир курулмалар иретке келтирилди жана  кошумча коопсуздукту камсыз кылууда.

Ошондой эле жол чийиндерин жаңылоо жана жол белгилерин оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бардык айдоочулардан жана жөө жүргүнчүлөрдөн жолдордо, айрыкча калктуу пункттардын кире беришине жана чыгуусуна жакын жерлерде өзгөчө этият болууну суранабыз.