Бишкек шаарында 2025-жылдын 21-августунан 1-сентябрына чейин Фрунзе - Осмонкул көчөлөрүнүн  кесилиши жабылат.

Аталган тилкеде Фрунзе көчөсү боюнча (Т.Айтматов көчөсүнөн К.Тыныстанов көчөсүнө чейин, узундугу 1600 метр) пландуу оңдоо иштери жүргүзүлүүдө жана анын алкагында жылуулук түтүктөрүн алмаштыруу иштери өткөрүлөт. Бул иштерде түтүктүн диаметри 700 ммден 900 ммге чейин кеңейтилет.

Бул тармак 1971-жылдан бери иштеп келе жатат (54 жыл) жана анын колдонуу  мөөнөтү толугу менен бүтүп, тез арада алмаштырууну талап кылат.

“Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасы шаардыктарды жана борбор калаанын конокторун убактылуу ыңгайсыздыкка түшүнүү менен мамиле жасап, жол каттамын алдын ала пландап алууну суранат.