Бишкек шаарында 14–15-августта 2011–2012-жылы туулган мектеп окуучуларынын арасында жазгы спартакиаданын шаардык этабы  өттү. Турнир спорттун төрт түрү боюнча өткөрүлдү: ордо, аркан тартыш, спартакиада жана пионербол.

Шаардык этапка райондук турнирлердин жеңүүчүлөрү, 1-орунду алгандар катышты. Жалпы болжол менен 300гө жакып мектеп окуучусу команда түзүп, күч сынашты.

Жазгы спартакиада жыл сайын өткөрүлүп, активдүү жашоо образын жайылтуу, балдарды спортко тартуу, таланттуу окуучуларды спорт мектептерине (ОРАБӨМ) алуу жана алардын потенциалын эл аралык мелдештерге чейин өстүрүү максатын көздөйт.

Иш-чаранын уюштуруучусу – Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти.

Мелдештин жыйынтыктары:
Ордо:
1-орун – Биринчи май району (№16 МАБ);
2-орун – Октябрь району (№3 МАБ);
3-орун – Ленин району (№3 МАБ).

Аркан тартыш:
1-орун – Ленин району (№3 МАБ);
2-орун – Свердлов району (№20 МАБ);
3-орун – Биринчи май району (№16 МАБ).

Спартакиада:
1-орун – Ленин району (№3 МАБ);
2-орун – Октябрь району (№6 МАБ);
3-орун – Биринчи май району (№16 МАБ).

Пионербол:
1-орун – Свердлов району (№18 МАБ);
2-орун – Ленин району (№4 МАБ);
3-орун – Первомай району (№16 МАБ).

Жеңүүчүлөр диплом, медаль жана кубоктор менен сыйланышты.