13-августтан 15-августка чейин Москва шаарында (Россия Федерациясы) "Билим берүү ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугу үчүн жалпы билим берүү уюмунун башкаруу командасы" программасы боюнча квалификацияны жогорулатуу курстары өтүп, ага Бишкек шаарынан делегация катышты.
Делегациянын курамына мектеп директорлору, билим берүү борборлорунун жетекчилери жана борбордун билим берүү департаментинин адистери кирди. Белгилей кетсек, өткөн жылы ушундай эле программа Бишкекте өткөрүлгөн.
Катышуучулар билим берүү уюмдарын стратегиялык башкаруунун заманбап ыкмаларын үйрөнүштү, долбоордук жана командалык мамилелерди өздөштүрүштү, башкаруучулардын жеке жана кесиптик натыйжалуулугун жогорулатуу маселелерин, ошондой эле кризиске каршы башкаруу жана тобокелдиктерди башкаруу механизмдерин карашты.
Мындай курстарды эл аралык форматта өткөрүү кесиптик байланыштарды чыңдоого, билим берүү чөйрөсүндө диалогду кеңейтүүгө жана билим берүү уюмдарынын сапатын жана туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылган заманбап башкаруу технологияларын жайылтууга өбөлгө түзөт.
Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен Билим берүү департаменти уюштурду.