Жөө адамдардын ыңгайлуу жана коопсуз жүрүүсүн камсыздоо үчүн "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы шаардын тротуарларын капиталдык оңдоо боюнча активдүү иштерди улантууда.

2025-жылдын титулдук тизмесине ылайык, Москва көчөсүндө Жаш Гвардия бульварынан Б.Бейшеналиева көчөсүнө чейинки тилкеде жаңы тротуар куруу иштери башталган.

Учурда бригада эски асфальтты демонтаждоо,  ошондой эле ирригациялык системаны орнотуу үчүн негизин даярдоо иштерин жүргүзүүдө.

Буга катар ирригациялык системасын орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.