Бүгүн, 2025-жылдын 15-августунда шаардын мэри борбор калаанын ЖЭБинин алдыдагы жылытуу мезгилине даярдыгы менен таанышты.
Борбор калаа башчысы Бишкек Жылуулук электр борборунун аймагын кыдырып, мурда капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн №3 жана №4 энергоблоктордун күкүрттү тазалоо тутумдары менен таанышты.
Ошондой эле, мэрдин төрагалыгы алдында 2025-2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча штабдын жыйыны өттү.
Отун-энергетикалык комплексинин директору Нургазы Курманбеков «Бишкек жылуулук электр борбору», «Бишкекжылуулуктармагы» жана «Бишкекжылуулукэнерго» муниципалдык ишканаларынын ишмердүүлүгүнө токтолду.
2025-жылы Бишкек Жылуулук электр борборунда беш энергоблокту жана жети турбоагрегатты оңдоо иштери пландалган. Бүгүнкү күндө беш турбоагрегатта оңдоо иштери аяктап, калгандары боюнча иштер уланууда. Жылуулук электр борборунун көмөкчү жабдууларында жана имараттарында да оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.
«Бишкекжылуулуктармагы» ишканасы тарабынан жылуулук тармактарында жана насостук станцияларда, ошондой эле «Бишкекжылуулукэнерго» ишканасынын отканаларында жана жылуулук тармактарында оңдоо оңдоо жана реконструкциялоо иштери жүрүп жатат.
2025-2026-жылдардын жылытуу мезгилине шаар калкын 240,2 миң тонна көмүр менен камсыздоо пландалууда. Көмүр менен камсыздоо 2025-жылдын июлунан декабрына чейин график боюнча жүргүзүлөт. Ар бир райондо отун базалары ачылып, көмүр менен камсыздоо иштери жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары, "Бишкек жылуулук электр борбору" муниципалдык ишканасын отун ресурстары менен камсыздоо үчүн тендерлер өткөрүлүп, келишимдер түзүлүп, жеткирүү графикке ылайык аткарылууда.
Төрт райондук администрациянын башчыларына отундун альтернативдүү түрлөрүнө өтүү боюнча шаардыктар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү милдети коюлду. "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсына борбор калаадагы конуштарды газдаштыруу боюнча иштерди күчөтүү тапшырылды.
Штабдын жыйынтыгы боюнча мэр Айбек Джунушалиев шаардык кызматтарга күз-кыш мезгилине карата даярдыкты белгиленген мөөнөттө аяктоону тапшырды.