Бишкек шаарынын мэри Патрис Лумумба көчөсүндө жайгашкан «1-индустриалдык-кампа  комплекси» ЖЧКсынын кондитердик цехине барды.

Ишкананын өкүлдөрү цехти кыдырып, шаар башчысына чийки затты кабыл алуудан баштап, даяр продукцияга чейинки бардык этаптарды көрсөтүштү.

Кондитердик цехти техникалык ишке киргизүү 2025-жылдын март айында жүргүзүлүп, бүгүнкү күндө жабдуулар жарым-жартылай орнотулду, бардык өнөр жай жабдууларын бириктирүү жана техникалык ишке киргизүү иштери жүрүп жатат жана алардан жалпы көлөмдүн 20% - суткасына 20 тонна өндүрүлөт (торт,  печенье, дан азыктары, кондитердик азыктар). Учурда 100дөн ашуун жумушчу орун камсыздалган.

Расмий ачылышы 2025-жылдын 31-августуна пландаштырылууда.