Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Лев Толстой көчөсүндөгү капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Бүгүнкү күндө Лев Толстой көчөсүнүн Матыев көчөсүнөн Садырбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабык. Учурда аталган тилкеде түтүк жана бордюр орнотулууда.
Ленин райондук администрациясына ушул тилкеде иш алып барган чарба субъекттер менен муниципалитеттин ортосунда унаа токтотуу жайларын оңдоо үчүн ижара келишимдерин түзүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү милдети коюлду.
Калыбына келтирүү иштеринин алкагында Л.Толстой көчөсүнүн Матыев көчөсүнөн Т.Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлөт.
Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Бишкек шаарынын мэриясы бул жагдайга түшүнүү менен мамиле жасап, тыгындарды болтурбоо үчүн жеке транспорттун ордуна коомдук транспортто жүрүүнү сунуштайт.