Бүгүн, 14-августта саат 5:00дө Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев  курулуш объектилерин кыдырды.

Мэр А.Токтоналиев көчөсү, 62 дарегиндеги 2 кабаттуу көп функционалдуу спорт комплексинин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Учурда пайдубалын жана таяныч дубалдарын тургузуу иштери жүрүп жатат.

Ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан 6 тайпага ылайыкталган 2 кабаттуу №132 бала бакчада капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бала бакчанын имараты 1971-жылы курулган. Кийинки жылдары №26 башталгыч мектеп катары пайдаланууга берилген. 2025-жылдан баштап мекеме расмий түрдө кайрадан бала бакча катары иштей баштайт.

Мэр ошондой эле УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгы менен биргелешкен иштердин натыйжасында муниципалитетке кайтарылган «Чыгыш-5» кичи районундагы бала бакчанын имаратындагы оңдоо иштерин текшерди. Имараттын жалпы аянты 2 794,6 м²ди түзөт.

Борбор калаадагы мектепке чейинки билим берүү мекемелерин өнүктүрүү жана модернизациялоо программасынын алкагында Гоголь көчөсү, 127а дарегинде жайгашкан 180 орундуу бала бакчада капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгы менен биргеликте иш алып баруунун натыйжасында бала бакчанын имараты муниципалитеттин карамагына кайтарылды.

280 орундуу бала бакча Лебединовка айылындагы Биримдик-Кут конушунда жайгашкан. Учурда 1-кабаттын шыбын жана ригелдерин, ошондой эле тосмо жана чатырлардын пайдубалын орнотуу иштери жүрүп жатат. Мэр бул объект боюнча иштердин ылдам жүрүшүн белгиледи.

Коммунаров көчөсү, 93 дарегинде жайгашкан 280 орундуу бала бакчаны капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат. Жанаша жайгашкан жерге он эки балдар аянтчасын куруу пландалууда.

Бишкектин шаар экологиясын жакшыртуу программасынын алкагында Мурман  жана Абакан  көчөлөрүнүн ортосунда сейил бак курулууда. 43 түп липа, 47 түп чыгыш чынар, 36 түп күл, 8 түп мажүрүм  тал дарагын отургузуу пландалууда. Өсүмдүктөрдү сугаруу үчүн 598 даана ПВХ түтүкчөлөрү бекиткичтери менен төшөлөт. Ошондой эле, бардык аймакка В-2-2 тибиндеги 414 лоток орнотулат.

Текшерүүнүн жыйынтыгында мэр акимчиликтерге жанаша жайгашкан аймактарды көрктөндүрүү иштерин бир эле учурда көзөмөлгө алууну, «Бишкек жашыл курулуш» ишканасына жашыл аймактарды  изилдеп, мүмкүн болушунча сактоону, объекттерге паспортторду түзүүнү, балдар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүүнү тапшырды.