Бишкек шаарында 2025-жылдын 16-августунан 22-августуна чейин Фрунзе көчөсү менен Сүйүмбаева көчөсүнүн кесилиши убактылуу жабылат.
Аталган тилкеде Фрунзе көчөсү боюнча (Т.Айтматов көчөсүнөн К.Тыныстанов көчөсүнө чейин, узундугу 1600 метр) пландуу оңдоо иштери жүргүзүлүүдө жана анын алкагында жылуулук түтүктөрүн алмаштыруу иштери өткөрүлөт. Бул иштерде түтүктүн диаметри 700 ммден 900 ммге чейин кеңейтилет.
Бул түтүк түйүнү 1971-жылдан бери (54 жыл) иштетилип келет жана колдонуу мөөнөтү бүтүп, шашылыш алмаштырууну талап кылат.
“Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасы шаар тургундары менен конокторун түшүнүү менен кабыл алууга чакырат жана каттамды пландап алууну сунуштайт.