2025-жылдын 16-августунан 18-августуна чейин реабилитациялоо иштеринин алкагында Шабдан Баатыр жана Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишинин түндүк тарабы унаа кыймылы үчүн жабылат.
Урматтуу шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору! Бишкек шаарынын мэриясы жаралган жагдайга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат жана жол тыгындарын болтурбоо үчүн жеке автоунаалардын ордуна коомдук транспортто жүрүүнү сунуштайт.