Бишкек шаарында Дэн Сяопин проспектисинин айрым бөлүктөрүндө жүрүп жаткан оңдоо иштерине байланыштуу, төмөнкү автобустук каттамдардын кыймыл схемасы жарым-жартылай өзгөртүлдү: №10Т, №25, №42, №17, №40, №9, №166, №145, №14Т, №13, №212, №15, №35, №32, №45, №254, №215 жана №38.
Белгилей кетсек, жогорудагы каттамдардын жүрүүсү башка көчөлөргө багытталды.
Урматтуу шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору! Бишкек шаарынын мэриясы жаралган абалга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат жана жол тыгындарын болтурбоо үчүн жеке унаанын ордуна коомдук транспорт менен жүрүүнү сунуштайт.