"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы короо ичиндеги жолдордун абалын жакшыртуу боюнча иштерди улантууда.
Алсак, 5-кичи райондо Сүйөркулов көчөсүнөн тартып №109 балдар билим берүү мекемесине чейинки тилкеде жаңы тротуары менен короо ичиндеги жол асфальтталды.
Курулуш иштеринин алкагында эски асфальтты демонтаждоо (кирковка), жаңы бордюрларды жана ирригация тармагын орнотуу, жаңы асфальт төшөө иштери аткарылды.
Ички жолдорду капиталдык оңдоо иштери шаардын башка кичи райондорунда да улантылууда. 4-кичи райондо капиталдык оңдоо иштери, ирригация тармагын орнотуу, жерди даярдоо иштери аткарылып жатат.
Белгилей кетсек, 2025-жылдын башынан бери "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы 10, 6 жана 3-кичи райондордорунун жолдордун капиталдык оңдоодон өткөрдү.