"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы Бишкек шаарындагы тротуарларды капиталдык оңдоону улантууда.
Учурда Гоголь көчөсү Москва көчөсүнөн Жумабек көчөсүнө чейинки жалпы узундугу 3,5 км болгон тротуарды капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат.
Бул тилкедеги тротуар акыркы жолу совет доорунда оңдолгон. Ошондон бери асфальт дээрлик толугу менен талкаланып, айрым жерлерге таман таш төшөлгөн.
Иштер жолдун батыш тарабынан А.Огонбаев көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейин башталган. Учурда эски асфальтты алып салуу боюнча иштер жүргүзүлүп, жаңы бордюрлар орнотулуп, тротуарлардын негизи даярдалууда.
Чыгыш тарабында Чүй проспектисинен Огонбаев көчөсүнө чейин оңдоо иштери башталды. Учурда эски асфальт жана таман таштар алынып жатат.